04.05.2020 13:00

Кыргызстанда канча күч кызматкери коронавируска кабылганы айтылды

Күн мурун, 3-майда Республикалык клиникалык ооруканага күч түзүмдөрүнүн жети кызматкери жаткырылды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова.

“Укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү арасында жалпы 27 кызматкерде COVID-19 вирусу тастыкталган, алардын ичинен ону айыгып чыгарылды, калгандары РКИОдо стационарда жатат”-деди Акматова.

 

Бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен  Жалал-Абад облусунда эки,  Бишкек шаарында алты жана  Нарын облусунда бир учур катталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүн, 4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды. Илдетке жалпы 830 адам кабылды. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. 10 адам акка моюн сунду.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган.