Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды

Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды

Жаңы катталган учур тууралуу илдетке каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди. Алардын баары Жалал-Абад облусунда. Бардыгы болуп өлкө боюнча коронавируска кабылгандар саны 94 адамга жетти.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.