24.01.2020 15:19

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титрөө Таджикистанда 6 баллга чейин жетти

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титрөө Таджикистанда 6 баллга чейин жетти

Бүгүн, 24-январда саат 13:09да Тажикистандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын толкундары Кыргызстандын айрым аймактарында да сезилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.