03.05.2019 14:11

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга кымбатташы күтүлүүдө

Май айларында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы үлгүсүнө жараша 10-15 пайызга кымбатташы күтүлүүдө. Бул туурасында April.kg порталына Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, Россиянын мунай иштетүүчү ишканалары дүң бааны кескин түрдө жогорулатты. Мисалы, ушул жылдын январь айындагы баага караганда, май айында күйүүчү майдын баасы дүңүнөн 10-32 пайызга жогору бааланды. 

«Нефти продуктуларынын баасынын өсүп жатканынын бир катар себептери бар. Анын бири -  жаз-күз айларындагы керектөөнүн өсүшү. Экинчиден, азыр дүйнө жүзү боюнча нефтинин баасы көтөрүлүп жатат, баррелинин баасы 16,41 долларга, пайыз менен алганда 30 пайызга көтөрүлдү. Россиянын заводдорунда АИ-92 маркасындагы бензиндин тоннасынын баасы 125 долларга көтөрүлүп, мурдагы айларда 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 доллар болду.  Тоннасы 100 долларга көтөрүлгөндө бизде айырма 4 сом 30 тыйынды берет. Ошонун натыйжасында биз май айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт деген божомолду түзүп жатабыз. Кайра арзандайбы, аны айтыш оор», -дейт Канат Эшатов. 

Кыргызстан жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү май керектейт. Ал Орусиядан экспорттук төлөмсүз келет. Буга чейин Казакстан 2019-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанга бензин экспорттой турганы айтылган, бирок маселе чечиле элек.