05.03.2019 09:52

Кыргызстанда март айында күйүүчү майдын баасы кандай болоору айтылды

Кыргызстанда март айында күйүүчү майдын баасы кандай болоору айтылды

Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майдын дүң баасы 3-5 % кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

«Март айында бензиндин баасы үч пайызга, дизель майыныкы алты пайызга өстү. Буга сезондук суроо-талаптын өсүшү, мунайдын кымбатташы сыяктуу факторлор себепкер», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстанда кымбаттоолор күтүлбөйт.

«Нефтетрейдерлердин запасы бар үчүн март айында күйүүчү май кымбаттабайт. Тескерисинче, арзандайт. Дизель майынын баасы ошол бойдон калат», — деп түшүндүрүштү ассоциациядан.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери өлкө аймагында бензин 1,5 сомго, дизель майы 1,3 сомго арзандады.