Кыргызстанда менингит коркунучу барбы?

Казакстанда күч алган менингит Кыргызстанды каптабайбы? Учурда элди дүрбөлөңгө салган ушул суроо болууда. Коңшу өлкодө жыл башынан тартып менингиттен 13 адам каза тапты. Ооруга чалдыккандар менен мерт кеткендердин көбү Алматынын тургундары болгон. Ал эми Кыргызстанда жыл башынан тартып ондон ашык адам менингитке кабылган. Азыр өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кандай? Массалык эмдөө кажетпи?