17.07.2019 14:42

Кыргызстанда нашаа чегүүгө уруксат бериш керекпи? Бишкек тургундарына сурак

Кыргызстанда нашаа чегүүгө уруксат бериш керекпи? Бишкек тургундарына сурак

Туристерди тартуунун дагы бир жолу. Кыргызстандагы мурдагы АКШ авиабазасынын ордуна казино ачып, ал жерде жеңил маңзаттарды сатуу жана колдонууга уруксаат бериш керек деген күтүүсүз демилге парламент депутаты Дастан Бекешов тарабынан жаңырды.

Эл өкүлү казиного келген чет элдик жарандарга жеңил наркотикалык заттарды колдонууга уруксаат берүү менен туризмди өнүктүрүп, казынаны байытууга болоорун билдирет. Бул жаатта Малайзиянын мисалын келтирген.

Ганси авиабазасын кыргыз Лас-Вегасына айланткысы келген депутаттын демилгесин жарандар кандай кабыл алды? Видеодон көрүңүз.