01.03.2018 17:06

Кыргызстанда шаарларды жана калктуу аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыяланды

Кыргызстанда  шаарларды жана калктуу аймактарды көрктөндүрүү  жана жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыяланды

Кыргызстанда «Таза жашоо» улуттук кампаниясына старт берилди. Бүгүн  Өкмөт үйүндө «Таза Жашоо» улуттук кампаниясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны болду. Уюштуруу комитетинин курамына өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарлары кирген.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Ага ылайык 2018-жылдын 1-мартынан 31- мартына чейин шаарларды жана республиканын калктуу пункттарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүлмөкчү.

Анын алкагында атайын экологиялык акциялар жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча иш-чаралар уюштурулат. Кампания маданий иш-чаралар: тематикалык көргөзмөлөр жана инсталляциялар, музыкалык иш-чаралар, көркөм сынактар менен коштолот. Андан тышкары региондор жана жергиликтүү бийлик ортосунда сынак жарыяланып, анын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктар берилет.

Белгилүү болгондой «Таза жашоо» долбоорунун алкагында мобилдик тиркеме иштелип чыгат, анда ар бир адам тазалоо, жашылдандыруу өткөрүлгөн аймакты белгилей алат.  Бул картанын жардамы менен аймактагы иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп турууга болот.