13.11.2019 15:45

Кыргызстанда унаа үчүн мамлекеттик номерлер түгөндү. Бул эмне менен байланыштуу?

Кыргызстанда унаа үчүн мамлекеттик номерлер түгөндү. Бул эмне менен байланыштуу?

Акыркы күндөрдө айдоочулар унааларына мамлекеттик номер ала албай жатышат. «Унаа» мамлекеттик мекемесине кайрылган жарандарга кызматкерлер номер жок болуп жатканын билдиришүүдө, деп жазат «Вечерний Бишкек». 

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Алымжан Козубаев бул маалыматты тастыктап, бирок мекеме номер жасоо менен алектенбей турганын, болгону калкты тейлеп, номер берүү иштерин аткарарын билдирди. 

«Номерлерди мамлекеттик «Инфоком» ишканасы жасайт. Биз албетте, элге берүү үчүн номер сурап жатабыз, бирок маселе учурда чечиле элек. Мекемеде азыр номер калбай калганын элден жашыруунун кажети жок», - деди Алымжан Козубаев.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы азырынча бул жагдай боюнча комментарий бере элек. Жарандарды документтештирүү жараянын көзөмөлдөгөн Мамлекеттик каттоо кызматынан өлкөдө унаа үчүн мамлекеттик номерлер таңсыктыгы байкалып жатканын, бирок алар такыр жок деп айтууга болбой турганын билдиришти.  

«Акыркы жумаларда автоунааларды каттатуу аябай кызуу жүрүп жатканы байкалат. Элдер унааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн тарифи кымбаттайт деген ой менен шашылыш түрдө жаңы унааларды ташып келип, эми аларды каттоодон өткөргүсү келип жатат окшойт. «Инфоком» баарын тейлөөгө жетишпей, андыктан, кечеңдетүүлөр болуп жатат», -деп түшүндүрүштү Мамлекеттик каттоо кызматынан. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланкасы түгөнүп калган. Учурда айдоочулар убактылуу күбөлүк алып жатышат. Жаңысын 5-декабрдан кийин берип башташары айтылат. Ошондой эле, чет өлкөгө чыгуучулар үчүн берилчү паспорттордун бланктары түгөнөт деген кооптонуулар бар. Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция иштери боюнча УКМК жүргүзүп жаткан териштирүүлөрдөн улам, азыр бланк жасоого тендер жарыялана элек.