30.04.2019 13:02

Кыргызстанда уранды казууга кайсы ишканалар уруксат алган? Тизме

Кыргызстанда уранды казууга кайсы ишканалар уруксат алган? Тизме

Кыргызстанда уран казууга түбөлүккө тыюуу салуу тууралуу Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кабыл алмайынча радиоактивдүү кенди өндүрүүгө каршы митингдер өткөрүлө берет окшойт.

Бүгүн эле Бишкекте эки нааразычылык акциясы удаа өттү. Алардын бири Балыкчы шаарынан келгендер Горький паркына топтолушса, Кыргызстандын жашылдар кыймылы сот тыюуу салганына карабай, Ала-Тоо аянтына топтолушкан. Эки акцияда тең уранга каршы чакырыктар жаңырды.

Ал эми April.kg өлкөдө канча компанияга, бул кенди чалгындоого лицензия берилгенин изилдеп көрдү.