06.04.2020 17:10

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу токтотулду

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу токтотулду

Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы  Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага ылайык, альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март, май айында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу да токтотулган.

Мындай чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын катарында жугуштуу оорулардын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.