12.05.2020 09:00

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу улантылат

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу улантылат

Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу улантылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы  Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө” 2020-жылдын 18-февралындагы  Жарлыгынын колдонулушун кайрадан жаңыртуу тууралуу” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, запаска бошотуу жана жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, бир ай мурда айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын катарында жугуштуу оорулардын жайылышын болтурбоо максатында , альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март, май айында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу да токтотулган болчу.