14.06.2019 10:37

Кыргызстандагы «саясий элиталар» кимдер? Википедиянын жообу

Кыргызстандагы «саясий элиталар» кимдер? Википедиянын жообу

Бир нече кундөн бери соцтармак колдонуучулары экс-президенттин сөзүнө таарынган депутаттарды сындап жатышат. Эл өкүлү Кожобек Рыспаевдин «биз-саясий элитабыз» деп айтканы катуу талкуу жаратты. 

Депутат ага жооп кылып, Википедиядан үзүндү келтирген. «Мен парламенттин ичинде саясий элита отурат дегем. Бул туурасында керек болсо, Википедияда да жазылуу», - деген Рыспаев.

Интернет колдонуучулар буга жооп кылып, энциклопедияга өзгөртүү киргизип коюшту.  Википедиядагы кимдер «саясий элита» деп аталары тууралуу жазылган макалага «Кыргыз Республикасында саясий элита «чимкирик» же «какырык» катары белгилүү» деген сүйлөм кошулган. Бирок, бир нече убакыттан кийин ал өчүрүлдү. 

Белгилей кетсек, Википедия -эркин энциклопедия. Ага каалаган интернет колдонуучу кирип, макалаларга өзгөртүү-түзөтүү киргизе алат.