01.03.2019 15:09

Кыргызстандык артисттер жана спортсмендер Сауд Аравияда өтө турган эл аралык фестивалга катышат.

Кыргызстандык артисттер жана спортсмендер Сауд Аравияда өтө турган эл аралык фестивалга катышат.

Кыргызстандык артисттер жана спортсмендер Сауд Аравияда өтө турган «Көчмөндөр ааламы» эл аралык фестивалына катышат.

Эртең, 2-мартта чыгармачыл жамааттан жана спортчулардан турган 400дөн ашык адам Сауд Аравиясында король Салман ибн Абдул-Азиздин атынан жыл сайын уюштурулуучу Төөлөр фестивалынын алкагында өтүүчү «Көчмөндөр ааламы» эл аралык  этнофестивалына катышуу үчүн учуп кетет.   

Учуу эки чартердик каттам менен ишке ашат: жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең мененки 8.30де биринчи чартер менен 200дөн ашык маданий программанын катышуучулары жөнөтүлөт,  саат 9:00дө экинчи каттам менен спорттук бөлүктүн катышуучулары учат.

Белгилей кетүүчү жагдай,  «Манас» эл аралык аэропорту бул иште көмөк көрсөтүп, аба майдандын бардык кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштемекчи.

Катышуучулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосунда таңкы саат 3:00дө  7 автобус менен аба майданга жөнөтүлөт.