18.04.2018 12:01

Кыргызстандык аял Иракта өлүм жазасына буйрулганы айтылууда

Кыргызстандык аял Иракта өлүм жазасына буйрулганы айтылууда

Ирак соту 7 чет өлкөлүк аялды ИГИЛ кыймылынын мүчөсү деген айып менен өмүр бою камакта кармоого жана  өлүм жазасына тартууга буюрду. Бул туурасында РИА Новости агенттиги Al-Sumaria ирак телеканалына шилтеме берип билдирди. 

«Сот бир француз аялды жана эки орусту өмүр бою эркинен ажыратууга буюрду», - деп айтылган сот кеңешинин билдирүүсүндө.

Ал эми, Азербайжандык 3 аял менен Кыргызстандык 1 аял өлүм жазасын алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдирген.