06.03.2018 09:49

Кыргызстандык ишкана Орусияга 5 тонна сүттү мыйзамсыз киргизүүгө аракеттенген

Кыргызстандык ишкана Орусияга 5 тонна сүттү мыйзамсыз киргизүүгө аракеттенген

Россиянын  Оренбург областында Казакстан менен чектешкен тилкеден сүт азыктарын мыйзамсыз киргизүү аракети катталды. Бул тууралуу  орусиялык маалымат каражаттары  билдирет.

Маалыматта, 4-мартта «Сагарчин»  өткөрүү пунктунда  Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унаа токтотулганы кабарланат. Текшере келгенде, унаада Бажы биримдигинин  мыйзамдарына туура келбеген  5 тонна кургак сүт бар экени аныкталган.

«Сүт азыктары продукциянын  сапатын жана  коопсуздугун тастыктаган эч кандай документсиз алынып бараткан”, - деп айтылат билдирүүдө.  

Айдоочунун айтымында, жүк “Ак-Сүт” ишканасына таандык жана Ош шаарынан келе жаткан. Учурда орусиялык айыл-чарбасын көзөмөлдөөчү мекеме кызматкерлери сүт азыктарын жок кылуу маселесин чечип жатышат. Административдик иликтөө жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин да “Ак-Сүт” ишканасына таандык
60 тонна кургак сүт мыйзамсыз ташылып келаткан жеринен кармалган. Андан улам, Россия тарап аталган ишкананын азыктарын өлкөгө киргизүүгө убактылуу чектөө койгон.