Кыргызстандык «калькулятор-бала» россиялык телеберүүдө баарын таң калтырды (видео)

Кыргызстандык «калькулятор-бала» россиялык телеберүүдө баарын таң калтырды (видео)

Бишкектен барган 12 жаштагы Арсен Рахымбеков россиялык «Удивительные люди» шоу учурунда баарын таң калтырды.

Көрсөтүү кечээ, 20-октябрда «Россия-1» телеканалында эфирге чыккан. Кыргызстандык окуучу он орундуу сандарды 18 секундда кошуп, көрүүчүлөрдү айран таң калтырды. 

«Мен эсепти аябай бат чыгарган бир баланы көрүп, шыктанып калгам. Иним экөөбүз анан менталдык арифметиканы үйрөнүп баштадык. Күн сайын жарышып, көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртып турабыз. Эгер иним болбосо, мындай ийгиликке жетмек эмесмин», - деди Рахымбеков.

Маалым болгондой, Арсен Рахымбеков буга чейин Германияда өткөн оозеки эсеп боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышкан. Учурда ал Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде билим алат.