30.07.2019 10:08

Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиададан коло медаль утуп алды

Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиададан коло медаль утуп алды

Кыргызстандык окуучу химия сабагы боюнча Париж шаарында өткөн эл аралык олимпиададан коло медаль утуп алды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектеги №9 мектептин 11-классында окуган Мирхад Чекирбаев IChO деп аталган 53-эл аралык олимпиададан өз билимин сынап көргөн. Мелдешке 84 өлкөдөн 330 окуучу катышканы айтылат.

Мындан сырткары, аталган олимпиадага Кыргызстандан Нурсултан Соодонбеков, Элмар Зикиров жана Бакай Шейитовдор катышып, сертификаттар менен сыйланган.