Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты
Кыргызстандык окуучу астрономия боюнча Эл аралык олимпиададан алтын медаль утуп алды. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Бишкек шаарындагы №61 мектептин 11-классынын окуучусу Ырыскелди Анарбеков Мирзо Улугбек атындагы физика жана астрономия боюнча эл аралык олимпиададан алтын медаль утуп алды.
Мелдеш 2018-жылдын 19-23-июнунда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Ага Өзбекстан, Кыргызстан, Казахстан жана Түркмөнстандан 6 команда катышкан.
Кыргызстандык окуучулар 3 медаль менен кайтышкан: №61 мектептин окуучусу Анарбеков Ырыскелди астрономия боюнча алтын медаль алса, К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу Тимур Тынычбеков физика боюнча күмүш, Аксы районундагы №10 Ж.Мамытбеков атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Эрназар Сыдыков физика боюнча коло медалга ээ болду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: