08.05.2019 10:01

Кыргызстандык спортсмен Эльбруска чыгып-түшүүдө аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекордду койду

Кыргызстандык спортсмен Эльбруска  чыгып-түшүүдө аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекордду койду

Кыргызстандык Анна Оглоблина Эльбруска тездик менен чыгып-түшүүдө аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекордду койду. Бул туурасында жергиликтүү маалымат булактар билдиришти.

Спортсмен кыз 28 чакырым аралыкты 5 саат 31 мүнөттө басып өткөн.  «Азау аянтчасы  — Эльбрустун батыш чокусу  — Азау аянтчасы  аралыгын Анна Оглоблина  5 саат 31 мүнөттө басып өтүп, аялдар арасында биринчи дүйнөлүк рекорд койду», — деп билдирген  фестиваль жетекчиси Евгений Колчанов.

Маршрут жалпысынан 28 чакырымга созулган. Мелдешке дүйнөнүн 20 мамлекетинен 250гө жакын спортсмен катышкан.