04.09.2019 11:30

Кыргызстандыктар Кеңеш айылына мектеп куруп берүү үчүн каражат чогулта башташты

Кыргызстандыктар Кеңеш айылына мектеп куруп берүү үчүн каражат чогулта башташты

Кыргызстандыктар Нарын районундагы Кеңеш айылынын контейнер-мектебинин ордуна кадимки мектеп салып берүү үчүн каражат чогулта башташты. Бул тууралуу социалдык тармак колдонуучулары жазып чыгышты.

Күн мурун интернетте 2-сентябрда аталган айылда өткөн «Биринчи коңгуроо» салтанатында тартылган сүрөт тарап, катуу сынга кабылган. 

Эми кайдыгер карабаган кишилер контейнердин ордуна ашар жолу менен мектеп курууну колго алууну сунушташты. Фейсбуктун колдонуучусу Илгиз Шаменов жаңы имараттын фундаментин куюп берүүгө даяр экенин жазган. 

Дагы бир канча жаран цемент, шифер жана акча берүүгө макул болушкан.

 

Нарын облустук администрациясынын маалыматына караганда, Кеңеш айылынын билим берүү мекемеси авариялык абалда турат. «ӨКМ жарымы бузулуп калган имаратта окууга тыюу салган. Мындан улам окуу атайын жабдылган контейнерлерде жүргүзүлөт. Алардын саны 6, баардыгы жылууланган. Анда 160 бала 2 кезек менен окушат», -деп айтылат маалыматта.