19.12.2018 17:58

Кыргызстандыктар Жаңы жылдык майрамдан кийин бир жума эс алышат

Кыргызстандыктар Жаңы жылдык майрамдан кийин бир жума эс алышат

Өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаңы жылдык майрамдан кийин бир жума эс алуу сунушун колдойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2019 жылкы дем  алыш күндөрүн  которуу  жөнүндө»  токтом долбооруна ылайык, 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январын, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майын дем алуу күндөрү кылуу сунушталат.

Белгилесек, аталган документ кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумушчу күнү катары  саналбаган  майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануусуна  багытталган.  Буга байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы  № 117 «Дем алыш күндөрүн которуу  жөнүндө»  жаңы жылдык  майрам күндөрүнө  тийиштүү токтомун кайрадан карап чыкты.

Долбоор аркылуу 25-февралдагы дем алыш күнүн 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнүн 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнүн 4-январдагы  жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнүн (5-май дем  алыш күнгө  туш келгендиктен,  эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которуу сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору мындан мурда Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.