07.06.2019 18:46

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иштер менен киреше таап жүргөн чет элдик жарандар кармалды

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иштер менен киреше таап жүргөн чет элдик жарандар кармалды

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иштер менен киреше таап жүргөн чет элдик жарандар кармалды. Бул туурасында УКМК билдирди.

Такталгандай, 2015-жылы белгиленген «Кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө»  мыйзамга карабастан, «Т» конторасынын өкүлдөрү коммерциялык банктардын, төлөө терминалдарынын жана эл аралык электрондук төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, өздөрүнүн мыйзамсыз кирешесин мыйзамдаштыруу үчүн «Э» ишканасын түзгөн жана маалыматтык-телекомуникациялык каражаттардын жардамы менен спорттук оюндардын жыйынтыктары боюнча коюм катары төлөмдөрдү алып турган.

Ошентип, мындай жол менен табылган мыйзамсыз кирешелер чет өлкөлүк банктардын жана чет элдик төлөм системасынын эсебине чыгарылган. Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң доллар эсебиндеги акча каражаты алынды.

Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган компания КР чегинин сыртында жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык акча каражаттарын которгон. Азыркы убакта «Э» ишканасынын жетекчиси чет элдик жаран Ю.А.  УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.