17.09.2019 16:27

Кыргызстандын белгилүү зергери Виктор Сырнев каза тапты

Кыргызстандын белгилүү зергери Виктор Сырнев каза тапты

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Виктор Сырнев 78 жашында каза тапты. Бул туурасында маркумдун жакындары билдиришти.

Виктор Сырнев 1942-жылы азыркы Екатеринбург шаарында карапайым адамдардын  үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 

Бүгүнкү күндө белгилүү зергер-сүрөтчүнүн эмгектерин дүйнөнүн булуң-бурчундагы галереялардан кездештирүүгө болот.  Автор өзгөчө биздин өлкөнүн сулуулугуна суктанып, коллекциясынын көбүн кыргыз жаратылышына арнаган.  

Бул тематикага арналган олуттуу көргөзмөсүнүн бири  - «Моя одиссея шелкового пути». «Апрель» телеканалына берген маектеринин биринде мэтр Виктор Сырнев эргүүнү кайдан алаарын айтып берген. 

Эске салсак, Сырнев Кыргызстандын үч президентине — Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековго президенттик төш белгилерди жасаган.

Каналдын редакциясы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.