19.10.2019 13:51

Кыргызстандын Маданият министрлиги: "Апрель" телеканалы өз ишинде мыйзам ченемдерин бузган эмес

Кыргызстандын Маданият министрлиги: "Апрель" телеканалы өз ишинде мыйзам ченемдерин бузган эмес

"Апрель" телеканалы өз ишинде "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тууралуу" мыйзамдын ченемдерин бузган эмес. Бул тууралуу "Апрель" телеканалынын корреспондентине берген маегинде КР Маданият министрлигинин Маалымат департаментинин директору Салкын Сарногоева билдирди. Ал баса белгилегендей, "Апрель" каналынын ишин токтото туруу же санарип ТВ пакетинде теледен көрсөтүүсүнө уруксат кагазын жокко чыгаруу болгон эмес. Мындан улам, "Апрелдин" эфирге чыгуусуна уруксат берүүчү документ Али күчүндө.

Эскерте кетсек, кечээ "Апрель" телеканалынын эфирге чыгуу аракети "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан токтотулганы маалымдалган. Аталган ЖЧК жетекчиси Кубат Оторбаев "Апрелдин" мүлкү камакка алынганын шылтоологон.