07.08.2019 12:09

Кыргызстандын символикасын колдонбогула! ТИМ Беларусь мамлекетине нота тапшырды

Кыргызстандын символикасын колдонбогула! ТИМ Беларусь мамлекетине нота тапшырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь мамлекетине нота тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеме кечээ, 6-августта Беларусь президентинин расмий сайтында Александр Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолугушканы тууралуу маалыматтын жарыяланышына байланыштуу бүгүн аталган өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси С.Ивановду чакырды.  

Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ Беларусь бийлигинин Кыргыз мамлекетинде соттолгон адам менен расмий жолугушууларды улантып жатканына каршы экенин билдирген нотаны тапшырды. 

«Кыргыз тарап бул жолугушуунун жүрүшүндө КР мамлекеттик символикаларынын пайдаланылышын жана кыргыз-беларусь достугу жөнүндө сөз болушун такыр туура эмес деп эсептейт жана мындай иш-аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык принциптерине жооп бербейт»,- деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстан Беларусь мамлекетинин расмий бийлигин бул абалга болгон көз карашын өзгөртүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-августта Беларусь президенти Лукашенко качкын президент Бакиевди 1-августта белгилеген 70 жылдык мааракесине карата кабыл алган. Анда Бакиевге «Көчмөндөрдүн бүркүт менен аң уулашы» аталышындагы картина белек кылган. Ал эми жолугушуунун кийинки бөлүгү Лукашенконун кабинетинде өтүп, ал жакта Кыргызстан менен Беларусь мамлекетинин голограмма түрүндө берилген желектери турган.