11.06.2018 16:44

Кыргыз-тажик чек арасы: чечилбеген көйгөйлөр

Кыргыз-тажик чек арасы: чечилбеген көйгөйлөр

"Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты", "кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал" – деген маалыматтар байма-бай чыгып келет. Чырдуу тасмалар интернет баракчаларына тарап, көпчүлүк ызырынып кана кала берет. Бийлик жагдайды жайгаруу аракеттерин көргөнү менен, утуру түзүлгөн мамлекеттик комиссиялар, эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр көрүнүктүү натыйжасын бербей жаткандай эле болуп жатат, ачыгын айтканда. Жүздөгөн километр такталбаган чек ара тилкелериндериндеги чыр-чатактар көнүмүш адатка айланып бараткандай.

Тилекке каршы, айрым учурларда, мамлекет жетекчилиги ички чырлар менен көбүрөөк алектенип, чек ара маселелери көз жаздымда кала бергендей сезилет жөнөкөй адамга. Кезектеги чыр өткөн аптада Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жеринде болду. Ок чыгарган кошуна өлкөнүн чек арачылары биздин чек ара кызматкерлери тарабынан кармалып, кийинчерээк бошотулган.

Негизинен жыл башынан бери өлкөбүздүн чек араларында бир нече ири чыр катталган болсо, алардын айрымдары киши өлүмү менен коштолгон. Чек арадагы чырлардын хронологиясын төмөнкү материалда сунуштайбыз.