16.09.2019 12:18

Кыргыз-тажик чек арасы. Коңшу өлкө жарандары такталбаган жерде иш жүргүзүүсүн улантууда

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасы. Коңшу өлкө жарандары такталбаган жерде иш жүргүзүүсүн улантууда

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 16-сентябрга карата абал туруктуу. Бул туурасында  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ош-Баткен-Исфана унаажолу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ачык. Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде КР МЧК чек ара постун куруп жатат.

«Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүсүн улантууда. Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн КР МЧКнын тарамдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү»,- деп жазылат маалыматта.

КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары  - Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара тарамдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо. 

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк айылында саат 16:00 чамасында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон.