17.09.2019 07:21

Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаган? Тажик тараптын версиясы

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаган? Тажик тараптын версиясы

Тажикстан УКМК Чек ара күчтөрүнүн маалымат кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу менен аяктаган чатактын себеби боюнча өз маалыматын жарыялады. Бул туурасына «Спутник» агенттигинин тажик филиалы билдирет.

Тажикстандын атайын кызматтарынын маалыматына караганда, кыргыз тарап мурун жетишилген макулдашууларга карабастан, 2019-жылдын 16-сентябрында саат 18:45 чамасында Тажикстандын Согдий облусунун Гафуровский районундагы Бахор  Бободжон айылында жайгашкан спорт аянтчасынын аймагына белгисиз курулуш  баштаган. Жергиликтүү жашоочулар курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан. 

Маалыматка караганда, курулушту токтотуунун ордуна Кыргызстандын куралдуу күчтөрү жерине кошумча 250-300 аскер алып келген. Чагымчыл мүнөздөгү аракеттерден кийин Тажикстандын куралсыз жарандарына карата ок атылган, анын жыйынтыгында бир нече адам жарадар болгон.

«Кыргыз чек арачыларынын бул чагымчыл иш-аракеттери мамлекеттик чек ара сызыгындагы кырдаалды жасалма жол менен ырбатуу катары бааланат», - деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз бийлигинин расмий көз карашы – ок атууну тажик чек арачылары баштады. Гранатамет менен атуудан кыргыз аскери каза болуп, 6 чек арачы ооруканага жеткирилди, алардын экөөсү - оор абалда. .

Буга чейин дал ушул аймакта 4-июнь күнү курал колдонулган. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат тилкесинде тажик чек арачылары ок чыгарышкан, анда эскертүү иретинде асманга атылганы айтылган. Жылдын башынан бери Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан райондорунда чыңалган кырдаал сакталып келет. Буга кагылышуулардын саны - далил.