22.05.2019 15:28

Кыргыз-тажик чек арасында кайра чатак чыгып, асманга ок атылды

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасында кайра чатак чыгып,  асманга ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында кайра чатак чыгып, асманга ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-майда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Карабак айылынын Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган жарандын тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө келишкен.

Ошол учурда Тажикстандын чек ара кезмети келип, Кыргызстандын жарандары менен ооз эки кайым айтышуу орун алган, Кыргыз жарандары, тажик чек арачыларынан көрүстөн аймагынан  кетүүсүн талап кылышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп,  сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары асманга эскертүү катары бир ок атышкан.

«Азыркы учурда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергилүктүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө, алар болсо өз учурунда ал жерге бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылып жатышат», -деп айтылат маалыматта. 

Эскертип кетсек Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта Тажикстан аймагында жайгашкан. Бирок, ал жер кыргыздардын колдонуусунда.