04.07.2019 09:35

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чатак. Кыргыз жараны ооруканага түштү

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чатак. Кыргыз жараны ооруканага түштү

Тажикстандын Ворух айылынын тургундары кыргыз жаранын сабап кетишти. Бул тууралуу Аксай айыл өкмөт башчысы Эргеш Ниязалиевге таянып, 24.kg жазып чыкты.

Ниязалиевдин айтымында, Ак-Сайдын тургуну ооруканага түшкөн.

«Ал газ сатат. Бир тажик андан газ алыптыр. Аны башка тажик көрүп, эмнеге кыргыздан соода кыласың деп ызы-чуу салыптыр. Кийин ал бир нече киши менен келип, кыргызды сабап кеткен», — дейт ал.

Эргеш Ниязалиев Ворух-Исфара жолу тосулгандыгы боюнча маалыматты четке какты.

«Жол тосулган жок. Унаалар өтүп эле жатты. Бирок, Ворухтан эч ким чыккан жок. Анткени, алар күнөөлүү болуп жатышпайбы. Ак-Сайдын тургундары түнкү 3.00кө чейин сабаган кишинин табылышын талап кылып турушту», — дейт ал.

Саат 3:00дө сабаган адам кармалганын уккан эл тарап кеткен.