07.05.2018 09:29

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде 6-майда саат  09:17де жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институту билдирди. 

Зилзаланын күчү эпицентринде 5.5 баллга жеткен,  Жер титирөөнүн очогу  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 20 км түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 33 км түштүктө, Ош шаарынан 136 км түштүк-чыгышта, Кызыл-Кыя шаарынан 146 км түштүк-чыгышта жайгашкан. 


КРнын калктуу пункттарындагы жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү: Бор-Дөбө айылында-5 балл, Нура,Иркештам,Көк-Суу, Икизяк, Кара-Киндик айылдарында-4 балл, Сары-Таш,Арча-Булак,Сары-Могол,Талды-Суу, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Кабык, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Чон-Каракол, Ак-Жай, Кичи-Каракол, Геджиге, Ак-Талаа, Чий-Талаа, Көлдүк, Жергетал, Ачык-Суу айылдарында-3 балл, Кулчу, Жар-Башы, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Чак, Кызыл-Эшме, Кичик-Алай, Кожо-Келен, Ак-Жылга, Кара-Кыр, Чогон, Сопу-Коргон, Терек, Таргалак, Күн-Элек, Мурдаш, Ахталаа, Кошулуш айылдарында-2,5 баллга жеткен.