17.09.2019 12:03

Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон 10 адам Бишкекке жөнөтүлдү

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон 10 адам Бишкекке жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган 10 киши дарыланууга Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскерий учагы ичиндеги 10 жарадары менен Бишкекке учуп чыкты. Аларга борбордун медициналык жайларында керектүү жардам көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Анда бир кыргыз чек арачысы каза таап, алты адам ар кандай жаракаттарды алган. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлардын саны он үчкө жеткенин, арасында 12 жаштагы бала бар экенин маалымдаган. Кыргыз тарап ок атууну биринчи тажик жарандары баштады десе, тажик тарап кыргыз чек арачыларын күнөөлөгөн