14.03.2019 10:25

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркаган жарандын абалы оор

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркаган жарандын абалы оор

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан жабыркаган жарандын абалы оор. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка караганда, ага операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. «Жаракат алган адамдын абалы оор, анын төш сөөгү жабыркаган. Бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат», — деп билдиришкен министрликтен. 

Эскерте кетсек, кечээ, 13-мартта саат 15:30 чамасында Кожогар аймагында Баткен районунун Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Баткен районунда Аксай-Тамдык айланма жолунун салынып жатышы себеп болгон. 

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, чек арага жакын жайгашкан айылдардын 200гө жакын тургундары топтолуп, уруш башталып, аягында бири-бирине таш ыргытышкан.  Жерине эки өлкөнүн чек арачылары келип, конфликтти токтотушкан менен кечке маал чатак кайра уланган. 

18:30 да кыргыз жарандары Аксай калктуу конушундагы жолду, ал эмитажик жарандары Төрт-Көчө аймагына барчу жолду буушкан. 20:30да кырдаал курчуп, тажик жарандары Ортобоз айылынын тургунунун сарайын өрттөп жиберишкен. Бир кыргыз жараны жаракат алып, Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.