18.12.2019 14:45

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Окуянын хронологиясы

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Окуянын хронологиясы

Бүгүн, 18-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкты. 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган тилкеде күн мурун, 17-декабрда бир кишини сабап кетишкен. Жабыркаган жаранды облустук ооруканага жеткиришкен.

Жаңжал бүгүн, 18-декабрда уланган. Көк-Таш айылына жакын аймакта жергиликтүү тургундардын арасында пикир келишпестик жаралып, бири-бирине таш ыргытышып башташкан.  

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда окуяга эки тараптан тең 200гө чукул адам катышкан. Чыр-чатакты алдын алуу максатында эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү, облустук администрациялардын башчылары укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң жаңжал тынчыганы менен, көп өтпөй кайра жанданган.

Ички аскер кызматынын бир жоокерине жана дагы бир кишиге ок жаңылганы айтылууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду.

Көп узабай эки өлкөнүн өкүлдөрү кайрадан сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Таджикистан жана Кыргызстандын бийлик адамдары эки өлкөнүн чек ара аймагындагы такталбаган тилкеге жакын жайгашкан жергиликтүү тургундардын арасында тушундүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ал эми ок тийип жарадар болгон ички аскер кызматынын жоокерине Баткен облусунун ооруканасында операция жасалууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жергиликтүү кеңештин депутаты жаракат алды. Ал 28 жаштагы Аман Абдилаким уулу — Самаркандек айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты. Ал сол колунан жарадар болду. Мындан сырткары төрт киши түрдүү жарааттарды алышкан. Ичинен үчөө ИИМдин ички аскер кызматынын жоокерлери жана бир катардагы жаран. Баарына тең тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн КР мамлекеттик чек ара кызматынын төарагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков.