14.02.2020 15:09

Кыргыз-тажик чек арасы: Көйгөйдү көтөрүп чыккан депутат кармалды

Кыргыз-тажик чек арасы: Көйгөйдү көтөрүп чыккан депутат кармалды

Лейлек районунун Катыраң айылдын кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кармалды. Айылдык кеңештин депутаты, "Чек ара" коомдук бирикмесинин төрагасынын камалышы анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Бул тууралуу  «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жергиликтүү ЖМКларга билдиришти.

Маалыматка караганда, Сапарали Бөрүбаевди күн мурун, 13-февралда кечинде кармап кетишкен.

“Мушташты” деген - жалган жалаа. Жергиликтүү кеңештин башка депутаты арыз жазып койгон экен. Чагым кылып, анан айтышып кетишкен экен. Мындайча айтканда буйрутма болуп жатат", - деп билдирет "Чек ара" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлжигит Исаков.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Сапарали Бөрүбаев 14-февраль күнү Жазык Кодексинин 266-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, “ээнбаштык” фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

Милициянын маалыматында, 12-февраль күнү саат 19.00 чамасында эч бир себепсиз сөгүп, сабады деп, Сапарали Бөрүбаевге каршы Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну арыз жазган. Арыз ээсинин жараатын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган.

Сапарали Бөрүбаев - кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатат деп сындап келаткандардын бири.