24-май: 2 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алышты

24-май: 2 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алышты

Кыргызстанда бир күн ичинде 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Өлкөдө жалпы 275 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 230 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкүгө карата 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган”,-деди Үсөнбаев.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусуна 1403 киши чалдыккан. Ичинен 980ни айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Бейтапканаларда 409 жаран жатышат. 4нүн абалы оор, 14 киши илдеттен көз жумган.