02.05.2020 09:30

Коменданттык сааттын шартын бузган 142 жаран кармалды

Коменданттык сааттын шартын бузган 142 жаран кармалды

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 142 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 121, Жалал-Абад шаары боюнча – 5, Ош шаары боюнча — 15, Ат-Башы району боюнча — 1 кармалып, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилген.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4055 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Ошондой эле 25-марттан баштап ушул күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 336 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Ал эми 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга узартылган.