19.05.2020 09:00

Кыргызстандын дин башкармалыгы Орозо айт качан болоорун билдирди

Кыргызстандын дин башкармалыгы Орозо айт качан болоорун билдирди

Кыргызстанда 24-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

«Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 2020-жылдын 24 – май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди», — деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

КМДБдан кошумчалашкандай, жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 19нан 20-майга караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 24-апрелде башталган.