17.09.2019 17:19

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. УКМК провокация кылбоого чакырат

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал.  УКМК провокация кылбоого чакырат

УКМК соцтармак колдонуучуларды улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтпоого чакырат. Мындай билдирүүнү мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда таратты.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, Интернет жана социалдык тармактардагы ар түркүн маалыматтардын таркалып жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Максат» чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат.

Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык башаламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Буга байланыштуу, коомдогу чыңалууну алып келе турган  маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугу колдонулат», -деп айтылат маалыматта.