31.05.2020 18:29

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Тургундар бири-бирине таш ыргытышты (видео)

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Тургундар бири-бирине таш ыргытышты (видео)

Бүгүн, 31-майда Баткен облусунун чек ара аймагынла чыр чыкты. Күбөлөрдүн айтымында кыргыздардын Чечме айылы жана Сох анклавынын тургундары бири-бирине таш ыртыгышты.

Жаңжалга эки өлкөнүн ондогон жарандары катышкан. Арасында жаш балдар да болгону айтылууда. Уруш Чечме айылындагы булак суусунун талашынан улам чыккан. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.