11.03.2019 14:39

"Кырк чоро" бирикмеси Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетүүсүн талап кылды

"Кырк чоро" бирикмеси Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетүүсүн талап кылды

8-март күнү өткөн жөө жүрүшкө нааразы болгон "Кырк чоро" уюмунун өкүлдөрү шаар бийлигине тиш кайрап, "Суракматов кетсин!" деген ураандын алдында башын бириктире баштады. Алар 13-март күнү мэрия алдына чогулуп, Бишкек мэринин айласын кетире турган болду. Шаар жетекчилиги болсо мыйзамдын алкагында иштегенин айтып, жүрүшкө жолтоо боло албайбыз деген пикирди карманып жатышат.