22.03.2018 11:20

Киши колдуу болгон кыздын сөөгүн Түркиядан мекенине жиберүү маселеси чечилүүдө

Киши колдуу болгон кыздын сөөгүн Түркиядан мекенине жиберүү маселеси чечилүүдө

Денизли провинциясынын Памуккале районунун Жандармерия башкармалыгынын маалыматына ылайык, 20-мартта Жээнбек кызы Ырыскүлдүн өлүмүнө  шектүү кармалды. Ал 30 жаштагы түрк жараны Барыш Юнал болуп чыкты.

Элчилик Түркия ТИМине кайрылып, бул иш боюнча болгон материалдарды берүүнү өтүндү.

Денизли прокуратурасынын маалыматына караганда, 20-мартта аталган иш боюнча биринчи соттук отурум өтүп, анда Түркия жаранын камакка алуу чечими чыкты.

КРнын Стамбулдагы элчилиги жана Башкы консулдугу кыздын туугандары жана кыргыз диаспорасы менен бирге сөөктү Стамбулдан Кыргызстанга акысыз жеткирип берүү маселесин кароодо.

Эскерте кетсек, 19-мартта Түркиянын Денизли провинциясынан алгач муунтулуп, анан автоунаа менен тебелетилип өлтүрүлгөн кыздын денеси табылган.  Ал Кыргыз жараны, 26 жаштагы Ырыскүл Жээнбек кызы экени аныкталган.