12.04.2020 16:11

Улут аралык кастыкты козуткан. УКМК Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургунун кармады

Улут аралык кастыкты козуткан. УКМК Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургунун кармады

Улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран социалдык тармактарга улут аралык кастыкты козутуучу чагымчыл маалыматтарды жайгаштырганы айтылат.

Ал УКМК тарабынан 9-апрелде кармалган. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталган.

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.