04.05.2018 16:22

Кытай кыргыз баскетболчуларына виза бербей койду

Кыргызстандын баскетбол боюнча курама командасы Кытайда 27-апрелден 1-майга чейин боло турган Азия кубогуна барышкан жок. Буга себеп катары, эки тараптан түшүнбөстүктөр болуп, каржы маселеси чечилбей, оюнчуларга виза ачылбай калган. Ал эми баскетбол федерациясы бул тууралуу маалымат берүүнү каалашкан жок. Жаш спортчулардын шагы сынган окуяны унутуп, 9-май Жеңиш күнүнө карата өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир уюштуруп жатышат.