30.03.2020 09:46

Кытай миллиардери Жек Ма Кыргызстанга жардам берет

Кытай миллиардери Жек Ма Кыргызстанга жардам берет

Миллиардер коронавирус менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туурасында анын Борбордук Азиядагы фондунун өкүлдөрү билдиришти.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн эң маанилүү болгон медициналык каражаттар Жек Ма жана Alibaba фондунун атынан Казакстан, Азербайжан, Бутан, Индия, Кыргызстан, Вьетнам жана Өзбекстанга жиберилет.

Жети мамлекет 1,7 миллион медициналык бет кап, 165 000 тест-система жана коргоочу кийим, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, термометр көмөк алат. Гуманитардык жүк жакынкы күндөрү берилери күтүлүүдө.

Жек Ма — дүйнөгө белгилүү кытайлык ишкер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү. Бул компания эл аралык деңгээлде дүң сатуулар боюнча лидер. Азиядагы эң бай адамдардын катарын ээлейт.

Кыргызстанда коронавирус 84 адамдан табылды. Үчөөнүн абалы оор. 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.

Гуманитардык жардам. CCTV.