30.10.2018 10:04

Кытай телеканалынын 22 жылдан бери өзгөрбөгөн алып баруучусу интернет колдонуучуларын таңдантты

Кытай телеканалынын 22 жылдан бери өзгөрбөгөн алып баруучусу интернет колдонуучуларын таңдантты

CCTV кытай телеканалында аба ырайын алып барган кыз Ян Дан бул компанияда иштеген 22 жылдан бери эч өзгөргөн эмес. Бул тууралуу The Daily Mail жазып чыкты.

Дан телеканалга 1996-жылы 22 жашында келген. Андан бери алып баруучунун сырткы келбетинде, жүзүндө эч өзгөрүу болбой, керек болсо, кайра жашарган. Көрүүчүлөр анын «түбөлүк жаштыгынын» сырына кызыгып келишет. Алып баруучу жада калса, салмагын да бир калыпта сактаган. 

Youtube видео хостингинде бул жылдар аралыгында алып баруучунун сырткы келбетинде жашы өйдөлөгөнүн далилдеген бир да өзгөрүү жок экенин көрсөткөн ролик жарыяланды. Ал 234 миң жолу көрүлүп, социалдык тармак колдонуучуларын таң калтырды.