15.05.2018 17:33

Кытай жараны 2 пирожок үчүн 23 миң доллар төлөгөн

Кытай жараны  2 пирожок үчүн 23 миң доллар төлөгөн

Кытайдын борбордук  Хэнань провинциясындагы Чжэнчжоу шаарынын тургуну көчөдөгү күркөдөн Alipay электрондук төлөө тутумун колдонуу менен 2 баоцзы (бууга бышкан пирожок)  сатып алып, жаңылыштыктан 147 миң юандан (23 миң доллардан) ашык акча төлөгөнүн байкабай калган. 

Орточо алганда ичинде эт же жашылчасы бар бууга бышкан мындай пирожоктордун бир даанасы 1,5дан 5 юанга дейре турат. Эсебинен ири көлөмдөгү акча каражаты кантип жоголгонун байкабай калганына жаран өзү да түшүнгөн эмес. 

Аягы жакшы бүткөн окуя Кытайдын Weibo социалдык тармагында кызуу талкууга түштү.

Баоцзы сатуучусу Хэ түшкөн пайда тууралуу бир айдын жыйынтыгын чыгарып жатып, күркө эсебинен ашыкча 147 юанды аныктаган. Сатуучу баоцзынын баасынын ордуна кардар жаңылышып, 6 орундуу санды киргизип алганын аңдаган. 

Бул туурасында дароо жетекчиликке билдирген Хэ 5 миң юань (800 долларга жакын) сыйлык алды. 

Тез татым күркөсүнүн жетекчилиги жергиликтүү полиция менен байланышып, болгон окуяны айтып берген. Ошондой эле ЖМКларга кайрылып, жаңылышып, ири сумма төлөп алган кардарын табууга жардамдашууну өтүнгөн.

Жыйынтыгында Хань аттуу жаран табылып, бардык сумма ээсине кайтарылып берилди.