23.10.2018 09:00

Кытайда 18 адам шахтанын урандыларынын алдында калды

Кытайда 18 адам шахтанын урандыларынын алдында калды

Кытайдын чыгышында куткаруучулар шахта басып калган 18 адамды чыгарууга аракет кылып жатышат. Бул туурасында  Associated Press агенттиги билдирет.

Кырсык, 20-октябрь, ишемби күнү Кытайдын Шаньдун провинциясында болгон. Жардыруу иштеринен кийин  шахтанын үстү урап түшкөн.

Бул учурда шахтанын ичинде 334 адам бар болгон, алардын көпчүлүгү жер үстүнө аман-эсен чыгып кетүүгө үлгүргөн.

22-октябрь, саат 20:12де алынган маалыматка караганда, 3 адам каза тапкан.