19.02.2019 15:28

Кытайда туристтер өтүп бараткан асма көпүрө үзүлүп кетти

Кытайда туристтер өтүп бараткан асма көпүрө үзүлүп кетти

Кытайда үстүнөн туристтер өтүп бараткан асма көпүрө үзүлүп кетти. Окуянын тасмасы интернетте жарыяланды, деп билдирет РИА Новости.  

Кытайдын Гуандун провинциясында 6 адамдан турган туристтик топ көпүрөдөн өтүп баратышкан. Орто жолдон бирөөсү секирип, көпүрөнү күүлөнтүп ойноп баштаган. Мындай күч келтирүүгө чыдабаган көпүрө үзүлүп кеткен. Ошол маалда анын үстүнөн өтүп бара жаткан адамдарга арканга асылып туруудан башка арга калган эмес.

Кытай ЖМКларынын маалыматына караганда, бул көпүрө - Янцзян шаарынын Яндун районундагы туристтер көп келе турган жерлердин бири, ал суудан 2,5 метр бийиктикте жайгашкан.

Көпүрөдөгү алты адам тең коопсуздук куру менен болгондуктан, окуядан эч ким жабыркаган эмес. 

Көпүрө белгисиз убакытка жабылган.